2003-жылы түзүлгөн коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес илимий-изилдөө уюму. Биздин уюмдун атын кыргыз тилине сөзмө сөз которгондо "айыл өнүктүрүү фонду" деп аталат. Социалдык изилдөө жүргүзүү, коомдук саясатты калыптандырууга көмөктөшүү жана айылды өнүктүрүү тармагында долбоорлорду ишке ашыруу фонддун ишмердигинин негизги багыты болуп саналат.
Рурал девелопмент фанд
2003-жылы түзүлгөн коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес илимий-изилдөө уюму. Биздин уюмдун атын кыргыз тилине сөзмө сөз которгондо "айыл өнүктүрүү фонду" деп аталат. Социалдык изилдөө жүргүзүү, коомдук саясатты калыптандырууга көмөктөшүү жана айылды өнүктүрүү тармагында долбоорлорду ишке ашыруу фонддун ишмердигинин негизги багыты болуп саналат.
Рурал девелопмент фанд
2003-жылы түзүлгөн коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес илимий-изилдөө уюму. Биздин уюмдун атын кыргыз тилине сөзмө сөз которгондо "айыл өнүктүрүү фонду" деп аталат. Социалдык изилдөө жүргүзүү, коомдук саясатты калыптандырууга көмөктөшүү жана айылды өнүктүрүү тармагында долбоорлорду ишке ашыруу фонддун ишмердигинин негизги багыты болуп саналат.
Рурал девелопмент фанд
Генетикалык ресурстар жана салттуу билимдер фестивалы
2017 ЧАКАН ГРАНТТАР ПРОГРАММАСЫНЫН ДООЛБОРДУК ИДЕЯЛАРЫНЫН КОНКУРСУ «ЖЕР БАЙЛЫГЫ – ЭЛ БАЙЛЫГЫ»
16 Июнь 2016 11 Апрель 2016 9 Март 2016 Италиялык фрилансер-сүрөтчү Марко Паломби, КЭАК жайыткерлик тармагынын активисттери менен жолугушту 20 Июнь 2015 Салтуу билимдер боюнча китептер 18 Декабрь 2014 18 Декабрь 2014 GESA 2014-кѳ GESA 2014 РДФ коомдук уюмунан долбоорлордун координатору катышты 11 Декабрь 2014 РДФ жер боюнча регионалдуу форумга катышты 9 Декабрь 2014 РДФ КУмунун директору регионалдуу стратегиялык биргелешүү семинарына катышты 19 Май 2014 РДФтин адистери Кристенсен Фондусунун өнөктөрштөр жолугушуусуна катышышты |
РДФтин кызматкерлери Кыргызстан Республикасынын ѳкүлдѳрүнүн алдынды айлана-чойронун, тоо чабачылыгынын коргоо Мамлекеттик агентствосунун ѳкүлдѳрү менен бирге 2014-жылдын 23-30-ноябрында Албания Республикасына жумуш сапарына барып келишти. КРдан келген топ 5 кишиден турду:
-КР ѳкмѳт алдында айлана-чойрону, токой чарбасын коргоо Мамлекеттик агентствосунун токой-мергенчилик Департаментинин директору Бейшеев Б. К.
- "Чон-Кемин" Мамлекеттик жаратылыш паркынын директору Дабаев К. К.
-РДФ долбоорунун координатору Оморбеков А.
-РДФтин адис-консультанты Койчуманов Б.А.
-РДФтин адиси Турсалиева А.
Барып келүүнүн максаты
Барып келүүнүн башкы максаты, Албания Республикасынын мисалында, токойлорду биргелешип башкаруу эл аралык тажрыйбасын изилдѳѳ болду. Окуу барып келүү Кристенсен (АКШ) фондунун каржылоосу менен "КРнын тоо экосистемасын башкарууда жергиликтүү коомдун катышуу үлгүсү" долбоорунун чегинде болду.
Жүргүзүлгѳн иш-чаралар
Кыргызстандан келген топ Албания Республикасында ѳткѳрүлгѳн токой жана жайыт байлыгынын биргелешкен башкаруусун жергиликтүү уюмуна берүү тажрыйбасын изилдеди. Жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдарынын жаратылыш байлыгын башкарууда жаӊы мамилелери жѳнүндѳ талдоо жүргүзүштү, ошондой эле жергиликтүү уюмдарды мобилизациялоонун ыкмасы, байлыктардын коомдук карталоосу менен таанышышты. Бул барууда алдын ала макулдашкан токой жайыт байлыгынын биргелешип башкаруу маселеси боюнча окуу программасынын негизинде жолугушуулар болуп ѳттү. Токой Департаментинин директору Юлий Ходжа менен, биотүрдүүлүк директору Одета Като менен, Коммуналдык токойчулуктун башчысы Пренг Пренга менен жана башка айлана-чойронун Министерствосунун ѳкүлдѳрү менен жолугушуу болуп ѳттү. Жолугушуу учурунда Албания Республикасынын ѳкүлдѳрү Албаниянын токойчулук жана жаратылыш байлыгынын башкаруу системасы менен жана ошондой эле токой байлыгын башкаруу укуктук базасы менен, токой башкаруусунун биргелешүү системасы менен таанышышты. Ѳзгѳчѳ кѳӊүл токой участкаларынын биргелешип токой башкарууларына ѳткѳрүп берүүсүнѳ, коммунналардын билимине, уюштуруу түзүлүшүнѳ жана ошондой эле иш-чара пландарына жана каржы механизимине бѳлүндү. Токой байлыктарынын каттоо маселеси боюнча, зонага бѳлүү, маалыматтарды топтоо жана башка маселелер боюнча айлана-чойрону коргоо Улуттук Агентствосунун директору Джулиан Бекири, токойчулуктун директору Констадин Дано, айлана-чойрону коргоо Улуттук Агентствонун Геомаалымат системасынын жетекчиси Сокол Бежани менен жолугушуу болуп ѳттү.
Жергиликтүү коомдун каражаттарынын мобилизациялоо иш тажрыйбасы жѳнүндѳ "CNVP Албания" бейѳкмѳт уюмунун директору Жанак Мали, токой пайдалануучулар Улуттук Федерациясынын Ассоциациясынын башчысы Реджеп О. кичи пейил болушту. КРдан келген топ Зерчан Мелан жергесинин Дибер районунда токой байлыгынын абалы, жүргүзүлгѳн иши тууралуу таанышты. (Коммунналык токойчулук жана микро-суу чогултуу), Кукез районунда Мализи коммунасында(биргелешип карталоо) жана кошумча киреше булактарын инновациялык издѳѳ маалыматын Марк Рупа мырза берди. Талаага барып келүүдѳн кийин Дрита Даде айымы менен жолугушуу болуп ѳттү. Бүткүл дүйнѳлүк Банк каржылаган жаратылыш байлыгын ѳнүктүрүү долбоорунун башчысы Орион У. мырза айлана-чойрону коргоо боюнча жаӊы долбоорунун бетачарын кѳргѳздү. ГАООСЛХ токойчулук Департаментинин директорунун айтымында, бул жолугушуулар жогорку денгээлде уюштурулган, ѳтү мазмундуу жана чечим кабыл алгандар үчүн абдан керектүү, себеби токой байлыгын башкаруу тармагында ѳткүрүлгѳн реформалар эл аралык тажрыйбасы Кыргызстан үчүн ѳтѳ маанилүү. Биз дагы ушундай тажрыйбаны изилдеп, токой чарбасында ар кандай сыноолорду ѳткѳрбѳй, ага акча каражат, убакытты кетирбей климаттын ѳзгѳрүүсүнѳ байланыштуу токой чарбасын башкарууда эффективдүү ѳзгѳчѳ улгусун иштеп чыгаруубуз керек.
Share this