Local Solutions for Local Development

English    Русский    Кыргызча


БАШКЫ БЕТ        БИЗ ЖӨНҮНДӨ        БИЗДИН КЫЗМАТ        ОКУЯЛАР        М-БОРБОРУ        ГАЛЕРЕЯ        БАЙЛАНЫШУУ         

2003-жылы түзүлгөн коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес илимий-изилдөө уюму. Биздин уюмдун атын кыргыз тилине сөзмө сөз которгондо "айыл өнүктүрүү фонду" деп аталат. Социалдык изилдөө жүргүзүү, коомдук саясатты калыптандырууга көмөктөшүү жана айылды өнүктүрүү тармагында долбоорлорду ишке ашыруу фонддун ишмердигинин негизги багыты болуп саналат.

Рурал девелопмент фанд

2003-жылы түзүлгөн коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес илимий-изилдөө уюму. Биздин уюмдун атын кыргыз тилине сөзмө сөз которгондо "айыл өнүктүрүү фонду" деп аталат. Социалдык изилдөө жүргүзүү, коомдук саясатты калыптандырууга көмөктөшүү жана айылды өнүктүрүү тармагында долбоорлорду ишке ашыруу фонддун ишмердигинин негизги багыты болуп саналат.

Рурал девелопмент фанд

2003-жылы түзүлгөн коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес илимий-изилдөө уюму. Биздин уюмдун атын кыргыз тилине сөзмө сөз которгондо "айыл өнүктүрүү фонду" деп аталат. Социалдык изилдөө жүргүзүү, коомдук саясатты калыптандырууга көмөктөшүү жана айылды өнүктүрүү тармагында долбоорлорду ишке ашыруу фонддун ишмердигинин негизги багыты болуп саналат.

Рурал девелопмент фанд

БАГЫТТАР

КАДАМ ИНИЦИАТИВАСЫ
НУКУРА ЭЛДИК АКЫЛ-БИЛИМИ
ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРДЫ БАШКАРУУ
КОНФЛИКТЕРДИ ЧЕЧҮҮ
АЙЫЛ ИНСТИТУТУН ӨНҮКТҮРҮҮ
АЙЫЛ ЧАРБА
КАДАМ - АЯЛДАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ
ЖЕР РЕФОРМАЛАРЫ
ЖАМААТТАР
ОКУТУУЧУ ПРОГРАММАЛАР

Жаңылыктар

«Кыргыз эл акыл казына» кыргыз салттуу билимдеринин сактоочулары жана практиктеринин тармагынын жыйын-маеги өттү

"Рурал Девелопмент Фанд" коомдук фонду пилоттук жамааттардын окуучулары арасында "Ак илбирс жана анын чөйрөсү" темасына конкурс жарыялады

Кыргызстандын Климаттык тармагынын отуруму

«Азыктануу укугу» долбоорунун аякташы

Рурал Девелопмент Фанд коомдук фонду «Кыргыз Республикасынын токой секторундагы реформаны пилоттоо» долбооруна катышты

Баардык жаңылыктар



 

Кыргыздын көрсөтмөлүү искусствосуна жана маданий мурасына таазим кылуу менен

 

Кыргызстан - бул түпкүлүктүү кыргыздардын, Борбордук Азиялык жана Славяндык этностук топтордун таң каларлык ар кандай маданий таасиринин жана каада-салттарынын аралашмасы, бир кезде Советтер Союузунун курамына кирген, жакынкы мезгилден бери эгемендүү болуп калган өлкө. Бишкектеги жашоо кыргыздардын пасторалдык турмушуна окшобойт, бирок анын бир катар элементтерин өзүнө камтып турат. Бардык мына ушул таасирлер сүрөткерлердин дүйнөнү таанып-билишине жана өзүнүн чыгармаларын жаратышына күчтүү таасир тийгизген. ЭСТЕ  маданий жана тарыхый кырдаалдын жеке чыгармачылыкка тийгизген таасирин түшүнүү менен, Кыргызстандын көрсөтмөлүү искусствосунун өткөндөгүсүн жана азыркысын таанып-билүүнүн жалпыга мүмкүн болгон ыкмасын билдирип турат. ЭСТЕ демилгеси жергиликтүү көрсөтмөлүү искусствонун өнүгүшүнүн улантылып жатышына колдоо көрсөтөт, ошондой эле искусствону баалоочуларга өткөн мезгилдерде көрсөтмөлүү искусствону өнүктүрүүгө түрткү бергендерге колдоо көрсөтүү үчүн тартуу жасоого мүмкүнчүлүк берет.

 

ЭСТЕ кандай иш-чараларды уюштурат?

 

  • Айына эки жолу ар кандай сүрөткерлердин иштеринин, көрсөтмөлүү искусствонун түрлөрүнүн, эски фото сүрөттөрдүн жана колго жасалган буюмдардын көргөзмөлөрүн уюштурат.

 

  • Бул көргөзмөлөр ар кайсы жерлерде уюштурулат. Англис тилиндеги түшүндүрмө бет ачарлар көрсөтүлөт жана искусство чыгармаларын сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 

  • Калоолор боюнча сүрөткерлердин студияларына экскурсиялар уюштурулат. Искусство чыгармасы кандай түзүлөөрүн көрүүгө жана чеберлердин өздөрүнүн шыктануусу жана техникасы тууралуу аңгемелерин угууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле тилмечтин кызматтары сунуш кылынышы мүмкүн. ЭСТЕ ар бир адамдын таламдарына көңүл бурат.

 

  • Чоңдорду жана балдарды сүрөт тартууга, керамикалык буюмдарды жасоого жана кездемеге сүрөт салуу техникасына окутуу үчүн жекече жана топтук сабактарды өткөрүүгө жардам көрсөтөт.

 

  • Искусство чыгармаларын сатып алууга жардам берет. Сизди Кыргызстанда болгон көрсөтмөлүү искусствонун ар кандай багыттары кызыктырабы? Сиз өзүңүздүн үйүңүздүн интерьерине искусствонун кандай чыгармасы ылайык келерине ишенбей жатасызбы? ЭСТЕ Сизге кубануу менен жардам берет!

 

  • Каалоочулардын өтүнүчтөрү боюнча кыргыз маданиятына жана көрсөтмөлүү искусствосуна байланыштуу башка иш-чаралар (Сизге кесипкөй экскурсоводду кошуп берип, Бишкектеги ар кандай музейлерге жана тарыхый эстеликтерге ээрчитип баруу).

 

Кыргыздын көрсөтмөлүү искусствосунун каада-салттарына кошулуңуз!

 

Биз кимбиз?

Кыргыз тилинен которгондо ЭСТЕ «Эсте тутуу» дегенди билдирет. ЭСТЕ - коммерциялык эмес демилге, ал кыргыздын көрсөтмөлүү искусствосунун салттарын түзгөн, ушул салттарды өзүнүн чыгармаларын көрсөтүү аркылуу билдирип жаткандарды жана иштерман сүрөткерлерди элге таанытуу болуп саналат. Ошондой эле ЭСТЕ демилгеси мындан ары искусство чыгармаларын жарата албай калган сүрөткерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүүгө да багытталган. Кайра куруу мезгилинде жана Советтер Союзунун ыдырашына байланыштуу сүрөткерлердин бүтүндөй бир мууну мамлекеттин колдоосуна алынбай, жаңы рыноктун тушунда өздөрүн камсыз кыла алышпай калышкан. Мына ушул сүрөткерлер ондогон жылдар боюу кыргыздын көрсөтмөлүү искусствосунун салттарын өнүктүрүп келишкен. Анын үстүнө, ЭСТЕ Кыргызстандын маданий мурасын сактап калуу аракеттерине колдоо көрсөтөт. Биз студенттердин, жаш сүрөткерлердин жана кыргыздын көрсөтмөлүү искусствосунун ышкыбоздоруна таянабыз. Ошол эле мезгилде биз кыргыздын тарыхы, маданияты, салттары жана искусствосу жөнүндө маалыматтарды жайылтууну каалайбыз.

 

Искусство чыгармаларын жана фото сүрөттөрдү кантип сатып алууга болот?

Эгерде Сизди ЭСТЕ демилгеси тарабынан колдоого алынган искусство чыгармалары жана фото сүрөттөр кызыктырса, Айылды өнүктүрүү фондуна кайрылууну өтүнөбүз. Сиз биздин офистен фото сүрөттөрдү, постерлерди  жана искусствонун башка чыгармаларын көрсөңүз, тизмелер менен таанышсаңыз жана тигил же бул чыгарманы тандап алсаңыз болот. Эгерде Сиз Бишкек шаарынан башка жерде болсоңуз жана бизге электрондук почта аркылуу кайрылсаңыз, биз Сизге чыгармаларды почта аркылуу салып жиберүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн жана ыкмаларын талкуулап чыгабыз. РДФ фото сүрөттөрдүн электрондук көчүрмөлөрүн бербейт, бирок Сиз жакшы сапатта чыгарылган фото сүрөттөрдү сатып алсаңыз болот. Ошондой эле Сиз биздин сайттагы кызыктуу  маалыматтарды да карап чыксаңыз болот.

 

Рурал девелопмент фанд

Исанова к., 143, оф.1

Кыргыз Республикасы

720033, Бишкек

Моб. телефон: +996 (770)330106

Email: general@rdf.in.kg





© RDF 2008 - 2015




Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта Engine CMS управление сайтом мощность надежность безопасность